Ысык-Көл облусунун ИИБси жарандарды социалдык тармактардагы такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, социалдык тармактардын кээ бир колдонуучулары соттук-медициналык экспертиза тууралуу билбей эле, милиция жана эксперттер массалык токмоктоону жашыруу үчүн Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүн анын эпилепсиясына шылташууда деген билдирүү таратып жатышат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.
Эс алуучунун Бостери айылындагы өлүмү Ысык-Көл районунун ИИБнин маалыматты каттоо электрондук журналына катталды.
«Күбөлөр аныкталып, суралды. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы күмөн-саноолорду жоюу үчүн маркумдун жакындарына Талас облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда экспертиза жүргүзүүнү сунуштап, макул болушкан. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ага жараша тергөө кызматы мыйзамга ылайык чечим чыгарат», — деп белгилешти облустук милиция.
Мекеме кээ бир колдонуучулар көлдүн жээгиндеги масалык муштуштын видеосун таратып, 23 жаштагы жарандын өлүмү менен байланыштырып жатышканын маалымдады. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.
Облустук милиция окуя 3-августта Кара-Ой айылында «Акун» пансионатынын жанында болуп, уруш жергиликтүү тургундар менен пансионаттын кызматкерлеринин арасында болгонун белгиледи. Катышуучулар такталып, 15 — 16 жаштагы өспүрүмдөр экени аныкталды.
Окуяны көргөн коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, алар тарап кетишкен. Сурак учурунда эки тарап тең арыз жазуудан баш тартышкан. Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Буга ылайык, Ысык-Көл облусунун ИИБси жарандарды расмий булактарга гана таянууга суранды.
Эске салсак, 6-августта Бостери айылындагы «Золотые пески» пляжында 23 жашатагы эс алуучу каза болгон. Достору аны сегиз баладан турган топ сабап кеткенин айтып жатышат.