Дмитровдогу кыргызстандык аялдын өлүмү тууралуу ТИМ комментарий берди

09:25, 08 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Дмитров шаарында өлтүрүлгөн аял Россиянын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу 24.kgге ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн дагы орус паспорту бар, бирок экөө тең кыргызстандыктар.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Эске салсак, аялдын өлүмү тууралуу социалдык тармактарда анын улуу кызы айтып, атасы апасын балдарынын көз алдында өлтүргөнүн жазган.