Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында каза болгон 23 жаштагы жарандын ишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар-тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди.
Эске салсак, 6-августта Бостериде «Золотые пески» пляжында эс алып жүргөн 23 жаштагы жаран каза болгон. Дорстору аны топ балдар сабап кеткендигин айтышууда.