Бостериде эс алып жүргөн 23 жаштагы жаран каза болду. Достору аны сегиз бала сабап кетишкендигин социалдык тармактарда билдиришти.
Алардын айтымында окуя 6-августта болжол менен саат 05:00до болгон.
«Биздин досубузду сабап кетишип, ал каза болду. Соттук медициналык эксперттер токмоктоо жана криминал болгон эмес деп жатышат, бирок болгон. Күбөлөр бар. Прокуратура жана башка органдарды бул маселени адилеттүү карап берүүсүн суранабыз», — деп кайрылды маркумдун бир досу.
Маркумдун агасынын айтымында, окуя болгон күнү анын иниси «Золотые пески» пляжында достору менен сейилдеп жүрүп, жети-сегиз баладан турган топ менен жолугуп калган. Алардын арасында уруш чыккан.
«Ал топ менин инимди сабап, каза болуп калды. Эгер кимдир бирөө ошол окуяны камерага тартып алса, мага жөнөтүүсүн суранам. РИИБде анын эпилепсиясы кармап калган деп жатышат. Эгерде анын мындай оорусу болгондо биз билмекпиз. Бирок ал спортсмен болгон», — дейт агасы.
Ысык-Көл облусунун ИИБси 24.kgге окуя 6-августта болжол менен 05:10до болгонун жана Ысык-Көл районунун ИИБне «
Билдирүү райондук милициянын маалыматты каттоо электрондук журналына катталып, окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган.
Алгачкы текшерүүдө жигиттин денесинен зордук-зомбулуктун эч кандай изи табылган эмес. Күбөлөр суралгандан кийин маркум 5-августта аялы жана классташтары менен Ысык-Көл районуна эс алганы келгени аныкталган.
Бир классташынын айтымында, ал маркум жана дагы бир досу менен саат 23:30 чамасында көлдүн жээгиндеги барда эс алып отурушкан.
Маркум белгисиз адамдар менен урушуп кетип, кийин бардан алысырак жерде эси жок абалда табылып, жардамга чакырышкан. Жардамга келген эс алуучулардын бирөөсү Ош облусунун 23 жаштагы тургуну У.К. медициналык кызматкер болгон.
Анын айтымында, болжол менен саат 05:00до көлдүн жээгинде сейилдеп жүрүп, жардамга чакырып жатканын уккан. Окуя жерине барганда эсин жоготкон баланы көрүп, биринчи жардам көрсөтө баштаган. Ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкап, алып чыгуу үчүн оозун ачкан. Бул учурда тез жардам кызматы келип, бирок жигиттин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
«Жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзам негизинде чечим чыгарылат», — деди облустук милиция.