Бишкекте түндө ок атышуу болуп, беш адам кармалды. Бул тууралуу 24.kgге Биринчи май районунун ИИБи билдирди.
Ага ылайык, 7-августта болжол менен саат 04:00тө Чүй-Исанова көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ок чыгарып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт катталып, тергөө иштери башталды. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келгенден кийин маалымат тастыкталып, беш адам тергөө кызматына жеткирилди. Милиция кызматкерлери эмнеден ок атылганын жана ким жабыркаганын тактап жатат.