Бишкекте түндө ок атышуу болуп, беш адам кармалды

12:12, 07 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте түндө ок атышуу болуп, беш адам кармалды. Бул тууралуу 24.kgге Биринчи май районунун ИИБи билдирди.

Ага ылайык, 7-августта болжол менен саат 04:00тө Чүй-Исанова көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ок чыгарып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт катталып, тергөө иштери башталды. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келгенден кийин маалымат тастыкталып, беш адам тергөө кызматына жеткирилди. Милиция кызматкерлери эмнеден ок атылганын жана ким жабыркаганын тактап жатат.