Ала-Арчада жоголуп кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды

09:41, 07 августа 2023, Бишкек - 24.kg

3-августта Ала-Арчада жоголуп кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Facebook баракчасында Улуттук коопсуздук кеңеши билдирди.

Фото Facebook. Ала-Арчада жоголуп кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды

Борис Михайловдун сөөгү 6-августта Ала-Арча дарыясында табылган. Аны болжол менен саат 15:30 алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бираздан кийин ӨКМдин куткаруучулары дарыядан анын 8 жаштагы кызы Руфинанын сөөгүн табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Издөө иштерине ӨКМдин жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун беш куткаруучусу, мекеменин Ысык-Ата районундагы куткаруу кызматы жана маркумдардын 15 тууганы тартылган.

Эске салсак, 3-августта Ала-Арча капчыгайында альплагердин аймагында Борис Михайлов кызы Руфина менен жоголуп кетишкен.