Кыргызстандыктар Казакстанда 90 күн каттоосуз жүрө алышат. Бул тууралуу Sputnik.kz Казакстнадын премьер-министрине шилтеме берип жазды.
Учурда кыргызстандыктар коңшу өлкөдө 30 күн каттого турбай жүрө алышат. Документ күчүнө киргенде бул убакыт 90 күнгө чейин узартылат.
Казакстан бийлигинин токтомунда «өзгөрүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы мамилени чыңдоо жана кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүүсү үчүн жакшы шарттарды түзүү» үчүн киргизилгендиги айтылат.