12:24
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Эл үмүтү» стипендиясына 63 адам катталды

«Эл үмүтү» стипендиясын алууга 63 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 45 талапкердин арызы талапка жооп берген эмес. Ал эми 18 адамдын гана документтери толук болгон. Бирөө баш тарткан.

Респукбликалык комиссия талапкерлердин документтерин карап чыгып, алардын негизинде 2023-2024-окуу жылына стипендианттар тандалды.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелеринин 3.13-пунктуна ылайык, «Республикалык комиссия эл аралык стипендияны ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат, ал жөнүндө талапкерге ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-порталына маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат», — деп билдирди мекеме.

Президенттин жарлыгы менен 2023-жылдын 21-июнунда «Эл үмүтү» стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилип, документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 10-июлуна чейин узартылган.

Бул стипендиясынын максаты Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын, билим берүү программаларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Бирок дүйнөнүн топ-100 университетине кирбеген окуу жайларга тапшыргандарга да стипендия ыйгарылган. Министрлик ЖОЖдордун рейтинги гана эмес, билим берүү программасынын рейтинги да эске алынды деп түшүндүрдү.

Буга чейин аталган стипендияга талапкерлер акыркы чечимди кабыл алуудагы мыйзам бузууларга нааразы болушкан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул тууралуу түшүндүрмө берген. Ал: «Комиссия максималдуу 50 миң долларды түзгөн стипендияны окуу акысы эле 90 миң доллардан 120 миң долларга чейин болгон жагдайларда берүү туура эмес деп эсептейт», — деди.

Эң көп окулган жаңылыктар