Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын микрохирургия бөлүмүндө Кытайдан келген офтальматологдор катаракта оорусуна 300 операция жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта дарыгерлердин Ош облусунда 18-сентябрдан 28-сентябрга чейин иштешери айтылат. Операциялар «Экспресс ден соолук — Жаркын саякат» долбоорунун алкагында жасалат.
Жарандарды алдын ала текшерүү жана каттоо жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
Текшерилүүгө келген бейтаптардын жанында өздүгүн тактаган документтер, күбөлүк (пенсия, майыптыгы, баатыр эне ж.б.) болушу керек.
Суроолор боюнча бейтаптар бул номерлерге кайрыла алышат: 0999 94 95 91; 0551 68 66 17
Долбоордун алкагында жалпысынан Бишкек шаарында 300, ал эми Ош шаарында 300 операция жасалат.