USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Жыргалаң кени 12 жылдан кийин кайрадан ишке кирди

17:51, 03 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң көмүр кенинин иши 12 жылдан кийин кайрадан жанданды. Ал Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камыз кылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — дейт маалыматта.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылат. Ал эми Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет. Бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18