Кайың-Талаа айылында өрттөнүп кеткен мектеп боюнча депутат президентке кайрылды

16:11, 03 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмиль Токтошев президент Садыр Жапаровду Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кайың-Талаа айылындагы жаңы мектептин курулушун көзөмөлгө алуусун суранды. Бул тууралуу ал Facebook барачасына жазды.

Анын айтымында, толугу менен күйүп кеткен Кебек Мамаев атындагы мектеп 1958-жылы курулган.

«Жаңы мектеп эки жылдан бери курулуп жатат. Фундаменти жана дубалы эле бүткөн. Окуу жылы башталганы турганда, балдар билим алып жаткан мектептин түп орду менен өрттөнүп кеткени тынчыбызды алып жатат. Урматтуу президент Садыр Жапаров. Жаңы мектептин курулушун жеке көзөмөлүңүзгө алууну суранам», — деп жазды Эмил Токтошев.

Ал Кайың-Талаа айылында 2 минден ашык тургун жашай турганын жана жаңы окуу жылында балдар мектепке бара алышарына үмүтү бар экенин билдирди.