Анталияда кыргызтандык аялды автоунаа коюп кетип, каза тапты

10:47, 03 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Анталья шаарында жолдон өтүп бараткан кыргыз аялды автоунаа коюп кетип, каза болду. Бул тууралуу Турциянын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Окуя Кепез районунда болгон. 30 жаштагы А.Ш. жолдон өтүп баратканда жеңил автоунаа коюп кетип, соккудан ал бир нече метрге ыргып кеткен. 

Фото Фото ntv.com.tr. Анталяда кыргызтандык аялды автоунаа коюп кетип, каза тапты

Тез жардам кызматы келип, бирок жабырлануучунун өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Аялдын сөөгү моргго жеткирилди.