Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жер титрөө саат 12:01де болгон. Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Мекеме жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин кошумчалады.