07:00
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын калкынын 65 пайызы айылда жашайт

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айыл калкынын саны 4 миллион 583,9 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети даярдаган «Кыргызстан сандарда» жылдык маалыматында берилди.

Айыл тургундары республиканын жалпы калкынын 65,1 пайызын түзөт. Ал эми Кыргызстандын 2 миллион 453,7 миң жараны (34,9 пайыз) шаарларда жашайт. 2019-жылга салыштырмалуу айыл калкынын саны 368 миңге көбөйсө, шаар тургундарынын саны 280,1 миңге өскөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстандын аймагында жалпы 7 миллион 37,6 миң адам жашайт. Алардын 3 миллион 557,3 миңи аялдар (50,5 пайыз) болсо, эркектердин саны 3 миллион 480,3 миңди (49,5 пайыз) түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар