Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан коло байге утту

10:19, 02 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Стамбулдагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан коло медал утту. Мелдеш 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн арасындагы өтүп жатат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү ( United World Wrestling) сайтында жаряланды.

Кыргызстандык Куттубек Рысматов 55 килограммга чейинки салмак категориясында түркиялык балбанды 11:1 эсебинде жеңди.

Ал эми бүгүн грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтүп, чемпионат 6-августта жыйынтыкталат.