30-июль күнү эртең менен Түркиянын Анталия провинциясынын Алания аймагында казакстандык туристтер бараткан кичи автобус катуу ылдамдыкта жүк ташуучу унааны сүзгөн. Жыйынтыгында кичи автобустун айдоочусу менен украиналык гид каза болгон. Түркиялык Hurriyet басылмасы кырсыктан 10 жүргүнчү жараат алганын кабарлаган. Окуя болгон жерде тартылган кадрлардан туристтик автобустун маңдайы талкаланып калганын көрүүгө болот.
Казак дипломаттарынын айтымында, кырсыкта 12 казакстандык турист жабыркаган. Алардын 10у, анын ичинде төрт бала жеңил жаракат алган. Дагы эки адамга операция жасалып, абалдары орточо оор деп бааланууда.
Министрлик Анталиядагы казак дипломаттары жабыркагандар менен дайыма байланышта болуп жатканын кошумчалады.