Кыргызстандык альпинисттер Турциянын эң бийик чокусун багындырышты

10:59, 31 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык альпинисттер Турциянын эң бийик жери саналган Арарат чокусун багындырышты. Бул тууралуу альпинизм Федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, Kyrgyz Exped командасы украиналык альпинисттер менен чогуу 28-июлда Турция, Кичи Азия жана Жакынкы Чыгыштагы эң бийик чоку- Agri Dagга (Арарат, 5 миң 137 метр) ийгиликтүү чыгышкан.

Ал альпинисттер Артык Абдивалиев жана Самсон Балян.

«Кыргыз альпинисттер федерациясынын мындай экспедициялык проекттери альпинизмди жайылтуу жана өлкөбүздү таанытуу максатында жасалып келет», — дейт Эдуард Кубатов.