Президент Оштогу университеттин жаңы корпусунун курулушун тездетүү тапшырды

10:48, 31 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.

Беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрь айында башталган.

Окуу жайдын жаңы имаратында 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс болот. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар үчүн пандустарды, лифет орнотуу каралган.

Ал жакта Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.

Президент имараттын курулушун жаңы окуу жылына карата бүтүрүү тапшырмасын берди.