10:48, 31 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.
Беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрь айында башталган.
Окуу жайдын жаңы имаратында 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс болот. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар үчүн пандустарды, лифет орнотуу каралган.
Ал жакта Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.
Президент имараттын курулушун жаңы окуу жылына карата бүтүрүү тапшырмасын берди.