16:05, 31 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Эл аралык республикалык институту Кыргызстанда бир нече багытта сурамжылоо жүргүздү. Анын бирөөсү аялдардын коомдогу ролуна багытталган.
Ага катышкандардын 58 пайызы аялдардын орду ашканада деген пикирде. 56 пайызы алардын саламаттык сактоо тармагында ийгиликтүү иштей алышын белгилейт.
Респонденттердин 7 пайызы айымдар үчүн жарандык сектор жана коммерциялык эмес, көз карандысыз уюмдарды ылайыктуу деп белгилешсе, 6 пайызы дипломатия жана эл аралык мамилелер тармагын көрсөткөн. Ошондой эле, 18 пайызы айымдарды бизнес кылышы керек деп эсептейт.
12 пайызы кыз-келиндердин саясатка аралашына каршы эмес.
Иликтөөнүн жыйынытыгы — кыргыз коомундагы стереотиптүү ой-жүгүртүүнү көрсөтөт. Дагы эле эркек киши — үй-бүлө багуучу, аял болсо — очоктун ээси катары эсептелип, анын күнүмдүк жашоодогу жумушу бааланбай, үй оокатын эркек менен аялдын ортосунда бөлүштүрүү дискриминация катары кабыл алынат.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда иштегендердин 46 пайызы аялдар.
Кыз-келиндерди иштөөгө үндөө үчүн Жогорку Кеңештин бешинчи чакырышында үйдөгү оокат менен алек болгон аялдарга салык салуу боюнча сунуш көтөрүлгөн. Бирок, демилге колдоо тапкан жок.
Мамлекеттик жетекчилер иштеген аялдарга жеңилдик берүүгө даяр эмес. Анткен менен Жаңы жыл, же башка майрамдар алдында жумушчу күндөрдү кыскартып, узак эс алууга чыгууга каршы чыгышпайт.
Гендер боюнча эксперт Жанна Араеванын айтымында, үйдөгү жумуштар менен гана чектелген аялдар өзүн коопсуз сезе алышпайт. Алардын күнүмдүк жумушуна акы төлөнбөйт жана алардын мээнети эсепке алынбайт. Үй кожойкелери пенсияга чыга алышпайт жана аларга социалдык көмөк дагы жок.
«Биздин патриалхалдык дүйнөдө үйдөгү иштер бир эле аялдын эмес, жалпы үй-бүлө мүчөлөрүнүн жумушу экенин эсепке алышпайт», — дейт Жанна Араева.
Аялдар үй кожойкеликти дагы эмгек стаж катары эсептөөнү сунушташат. Бул феминисттик чөйрөдө көп талкууланат. Жумуштан кийинки үйдөгү иш дагы эске алынышы керек.
Жанна Араева.
Жанна Араева бала кезден кыздар менен уулдар ортосунда үй жумушу туура эмес бөлүштүрүлөрүн айтат.
Бала бакчага жана башталгыч класстарга арналган китептерде дагы эле үй-бүлө тууралуу сүрөттө апасы айнек жууп, же чаң сүртүп, атасы диванда чалкалап телевизор көрүп олтурган болот.
Бул бала чактан үйдөгү милдеттерди бөлүштүрүү боюнча туура эмес берилген тарбия.
«Жумуштагы милдеттеринен сырткары, ар бир аял үйдөгү ондогон тапшырмаларды ишке ашырат. Анын иш күнү таң эрте башталып, кеңседеги иштен бир топко кийин бүтөт», — дейт Арли Хокшилд.
Аял туруп таңкы ашты даярдап, балдарын мектепте жөнөтүшү керек. Анын бул милдеттери кадимки көрүнүш катары эсептелип, эч качан жумуш болуп саналган эмес.
Феминисттер мындай теңсиздикти 1970-жылдары белгилешкен. Алар «ашкана кулчулугу» үчүн акы талап кылышкан. Үй жумушу, ага коротулган убакытты эс алуу эмес, жумуш сааты катары эсептөөнү талап кылышкан.
Жанна Араеванын айтымында, үй жумушун, кары-картаңдарга кам көрүү, балдарды тарбиялоо жана туугандар менен карым-катнашка кеткен убакытты акы төлөөчү милдеттердин катарына киргизүүгө карата каршылыктын себептери түшүнүксүз.
Бул камкордуктун баары аялдардын ийнине жүктөлүп, эркектер негедир өзүн милдеттүү сезишпейт.
Заманбап жашоодо аялдар үйдөгү жумуштун 75 пайызын аткарат. Эркектер үй ишине тартылса дагы, анын айрымдарын гана ишке ашыра алышат. Мисалы, алар үй жыйноонун ордуна бала менен ойноону оң көрүшөт.
Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу аялдардын 63,4 пайызы бала карап үйдө олтургандыктан иштешпейт.
Улуттук статистикалык комитет эркек менен аялдардын жумуш менен камсыз болушу тууралуу тынбай маалымат берип турат. Анын маалыматына таянсак, КРда аялдар үй ишине эркектерге салыштырмалуу 5 эсе көп убакыт коротот.
Бул үй оокаты аялдардын кесиптик жактан өнүгүүсүнө тоскоолдук түзүп келет.
Айылдагы үй кожойкелери шаардыктарга караганда 1,3 эсе көп убакыт коротот.
Анүстүнө «экинчи нөөмөт» ден-соолукка дагы зыянын тийгизет. Айрыкча менталдык саламаттыгына кедергиси тийип, бир топ оорулардын пайда болушуна себеп болот.