Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, аны кытайлык үч компания курат жана 2030-жылга чейин колдонууга берилет. Анын жалпы кубаттуулугу 1,160 МВт болот.
«Каскад төрт гидроэлектрстанциядан турат. Алар: Ала-Бука ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт), Кара-Булуң-2 (163 МВт) жана Тогуз-Торо ГЭСи (248 МВт). Инвестициянын баштапкы жалпы баасы 2,4-3 миллиард доллар жана деталдуу долбоорлорунун жүрүшүндө так суммасы белгилүү болот. Инвесторлор Кытайдын ири PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd. компаниялары», — деп жазылган маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, бул форумдун алкагында айыл чарба, энергетика, туризм, Асман шаарынын аймагына технопарк куруу өңдүү 11 инвестициялык келишимге кол коюлду. Ага 400дөн ашуун ишкер катышты.
Президент Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мындай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Жетишпеген бөлүгү импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири «Токтогул» суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүндүгү айтылган.