Жарандардын 15 пайызы гана демократиянын азыркы өнүгүүсүн колдошот

11:40, 28 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Жарандардын 15 пайызы гана Кыргызстандагы демократиянын учурдагы өнүгүүсүн канааттандырарлык деп баалашты. Бул маалыматтар Эл аралык республикалык институттун сурамжылоосунан белгилүү болду.

Изилдөө 2023-жылы 5-майдан 25-майга чейин өткөрүлүп, 18 жаштан жогору 1 миң 492 жаран катышкан.

Белгилей кетсек, жогорудагы көрсөткүч 2022-жылы 13 пайыз болчу.

Ал эми демократия өлкө үчүн эн жакшы башкаруу формасы деп эсептегендердин саны- 46 пайыз болсо, 2021-жылдын сентябрь жана март айларында- бул сандар 53 пайызды түзгөн. Эң төмөнкү пайыз 2021-жылдын июль айында аныкталган- жарандардын 44 пайызы гана колдогон.