Алты айда 74 адам сууга чөгүп каза тапты. Алардын 35и жаш балдар

11:23, 28 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны 74 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Чөгүп кеткендердин 35и- эркектер, 4ү- аялдар. Алардын арасынан 35и- жашы жете элек өспүрүмдөр болсо, 29у- 12 жашка чейинки балдар.

Өткөн жылы ушундай эле убакыт аралыгында ( 1-январдан 26-июлга чейин) республика аймагында 62 адам сууга чөгүп кеткен.