USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Өзбекстандын эң жакыр аймактары аталды

09:26, 28 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты азайтуу министрлиги өлкөнүн аймактарындагы жакырчылыктын деңгээли боюнча маалыматтарды жарыялады.

Анда өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли эң жогору аймак катары Каракалпакстан (19,7%) көрсөтүлгөн. Андан кийинки орундарга Сырдарыя (19,5%) жана Хорезм (19,1%) облустары жайгашкан. Эң төмөнкү көрсөткүч Ташкент шаары (8,5%) менен Навои облусунда (9,2%) катталган.

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында топтолгон маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 1 миллион 307,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 14,1% түзөт (былтыр 17% болчу).

«Жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 12% түшүрүү же 130 миң үй-бүлөнү (1 миллион киши) жакырчылыктан чыгаруу пландалууда», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Быйыл январда Өзбекстандагы 208 шаар жана район ишкерлик үчүн түзүлгөн шарттар боюнча беш категорияга бөлүнгөн. Ага жараша ишканалардан салык алуунун дифференциалдык тартиби киргизилип, субсидиялар берилери кабарланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика