18:45
USD 89.41
EUR 96.91
RUB 0.97

Бийликти коргоо үчүн иштеген берене. Кастыкты козутуу, же куугунтукпу?

Бишкекте жакында Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. УКМКнын маалыматында, ал чагымчыл сөздөрдү жазып, өлкө жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.

«Аталган жаран мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан», — дейт УКМК.

Ага чейин эле кастыкты козутуу айыбы менен жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров дагы суракка чакырылды.

Кылмыш кодексинин 3 «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча 30-беренеси акыркы үч жылда саясый максатта колдонула баштады. Бул айып боюнча 200 миң сом айыппул, же 7 жашка чейин эркинен ажыратуу каралган.

Сөз кылмышка айланганда

Талдоочулардын айтымында, бул берене менен айып тагуу өтө оңой. Алгач «козутуу» бөлүп-жарууну түшүндүрүп, юридикалык термин катары эсептелет болчу. СССРде бул берене алгач 1920-жылы пайда болуп өтө оор кылмыштардын катарына кирчү.

40-жылдардын аягында «эл арасында кастыкты козутуу» айыбы немец мыйзамдарына дагы киргизилет. «Козутуу» беренеси айрыкча ХХ кылымдын аягында өтө популярдуу болот. Аны менен бирге hate speech- «кастык тили» түшүнүгү киргизилет.

Козутуу айрым учурда сөз эмес, сүрөт, мем, же символ түрүндө дагы берилиши мүмкүн.

Көбүнчө солчул идеялардын тарапташтары «козутуу» жөнүндө айтып келишчү. Алар рассалык, улуттук азчылыктын, майыптардын, мигранттардын укуктарын коргоону талап кылышчу.

Кыргызстанда аткаминерлер менен депутаттар үчүн сын-пикир дагы «козутуу», «улуттук балуулуктарга» каршы болуп саналат. Алардын жүрүм-турумун, чечимдерине нараазычылык билдиргендердин баардыгы «эл душманына» айлана калат.

Ошол эле учурда өздөрү тартынбай эле кастык тилин колдонуп, мисалы, бейөкмөт уюмдарга, активисттерге жана эркин ЖМКга «грантжегичтер», «бузукулар» деп көө жаап келишет.
Бул дагы кастыкты козутуу боюнча беренеси ар кандай колдонулуп жатканына бир мисал.

Ак менен каранын айырмасы барбы?

«Азаттыктын» окуясы «козутуу» сөзүн ар кандай өңүттө колдоно берсе болорун көрсөттү.

Талдоочулардын пикиринде, «кастык тили» идеяга эмес, адамга гана багытталат, андыктан аны хейтке теңөөнүн зарылчылдыгы жок. Мисалы, өлкөдө болуп жаткан окуяларга, же аткаминерлердин билдирүүсүнө карата сын-пикирлер.

«Кастык» түшүнүгүнө бийлик өкүлдөрүнө айтылган сын кирбестигине карабай Кыргызстанда кайсы бир мамлекеттик мекемеге, же жетекчиге айтылган сөздөр дагы кылмыш кодексинин алкагында жоопкерчиликке тартылууда. Ал эм соттор чечим чыгарууда лингвисттердин бүтүмүнө таянып, жоопкерчиликти толугу менен аларга артууда.

«Кеп лингвисттердин кесипкөйлүгүндө эмес, кеп аларга коюлган талапта. Туура эмес коюлган суроого туура эмес жооп алынат», — дейт Медиа полиси институтунун юристти Акмат Алагушев.

Лингвисттер ар бир билдирүүдөн козотуу боюнча сөздөрдү табып, шектүүгө каршы бүтүм чыгарат. Мына ушул бир тараптуу чечимдер адилетсиз өкүмгө алып келет.

Акмат Алагушев.

Жектөө

Кыргызстанда кимдир бирөөнүн арызынын негизинде дагы укук коргоо органдарынын каарына калып, заматта кооптуу кылмышкерге айланууга болот. Буга университеттин окутуучусу Гүлзат Аалиеванын окуясы мисалы. Ага каршы 2021-жылы арыз жазылат. Даттануучу философия илимдеринин кандидатына каршы чара көрүүнү сунуштайт. Жыйынтыгында теңирчиликти үгүттөп, исламды сындаган айымга диндер ортосунда кастыкты козутуу айыбы менен иш козголот.

Мындай арыздардын чын-төгүнүн эч ким текшербейт. Факт катталып, сотко чейинки текшерүү башталат.
Гүлзат Аалиеванын посттору чындыгында кескин сын менен коштолчу. Балким андай сөздөр ашыкчадыр. Бирок социалдык тармактагы сөзү үчүн эле түрмөгө олтургузуу канчалык туура?

2023-жылы Гүлзат Аалиева акталганы менен прецедент түзүлдү. Андан ары укук коргоо органдары даярдалган сценарий менен иштеп башташты.

Ошондуктан, укук тануучулар кастык тили менен козутууну айырмалай билүү керектигин айтышат.
Юрист Сания Токтогазиеванын пикиринде, кастык тили колдонулган айрым билдирүүлөр чындыгында коом тарабынан сынга алынышы керек, бирок ал үчүн түрмөгө олтургузуу туура эмес.

«Биздин канча саясатчылар өзүнүн саясый карьерасын трайбализм менен аймактык кастыкты козутуу аракетинде курушту?! Бирок бул берене бир дагы жолу аларга каршы колдонулган жок», — дейт ал.

Белгилей кетсек, укук — бул баарына бирдей норма, анын алдында тандалгандар болбошу керек.

Бизде канча кастыкты козутуу боюнча фактылар бар, айрыкча дин жаатында, бирок тийиштүү берене аларга каршы бир да жолу иштей элек.

Сания Токтогазиева.

Кыргызстанда буга чейин «кастык тилин» жектөө аз кездешчү. ЛГБТ болобу, зордуктообу, зомбулукпу — ар дайым «өзү күнөөлүү» деп айтылчу. Аны менен коомдо түшүнүү менен мамиле кылуу деңгээли жогорулап, кылмыштуулук азайган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар