Кыргызстанда 2 миң 728 оорулуу гемодиализ алат

17:29, 27 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2 миң 728 адам 5- стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунан улам гемодиализ алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи жарым жылдыкта 170,5 гемодиализ сеансы өткөрүлүп, бул үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 82 миллион сом бөлүнгөн.

Гемодиализдин ар бир сеансы үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду уюмдарга менчигинин формасына карабастан 6 миң 500 сомдон төлөйт.