10 күн мурун Аламүдүн дарыясына агып кеткен бир жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жергиликтүү тургун ымыркайдын сөөгү окуя болгон жерден 20 метр алыстыкта, «Таштар-Ата» аймагынан таап алган.
Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эске салсак, 18-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «12 каминь» эс алуу жайында кызын куткаруу аракети менен эне-бала сууга агып кеткен. 26 жаштагы аялдын сөөгү ошол эле күнү табылаган.