15:29, 27 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Ош мамлекеттик университетине абитуриенттерди жайкы шорта менен киргизбей жатышат. Бул тууралуу 24.kgге окурман кабарлады.
Анын айтымында, ректор мекемеге шым менен гана кирүүгө уруксат берген.
«Бул аябай ыңгайсыз. Жаш абитуриенттер ысыктан улам көбүнчө шорта кийип жүрүшөт. Ал эми ОшМУга келишсе, аларды киргизбей жатышат. Алар кайрадан маршрутка же автобус менен айылдарына барып, шым кийип келип жатышат. Документти тапшырууга болгону 5- 10 мүнөт кетет, ал эми жолго барып келгенге бир күн коротосун. Окуу убагында мындай тартиптер боло берсин. Же болбосо кабыл алуу комиссиясы документтерди босогодон алсын, абитуриенттерди шорта менен ичине киргизбегенден кийин», — деп ачууланган ал.