Айсулуу Тыныбекова Poddubny Wrestling League турнирине катышат

12:18, 27 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Владикавказда 26-30-июлдар аралыгында эл аралык Поддубной күрөш лигасынын «PWL-5. Шериктештик Кубогу» турнири өтөт. Бул тууралуу иш чаранын сайтында көрсөтүлгөн.

29-июлда World Series форматындагы кечеде дүйнөнүн эң мыкты балбандары менен беттештер өтөт.

62 киллограммга чейинки категорияда жаштар арасындагы Европа жана дүйнө чемпиону, PWLдин 4 жолку жеңүүчүсү россиялык Алина Касабиева менен Токиодогу Олимпиадалык оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова килем үстүндө жолугушат.

«Поддубной»- дүйнөнүн мыкты спортчуларын тарткан жана рекорддук байге фондуна ээ профессионалдык күрөш лигасы.