Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат

11:39, 27 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров 27-31-июлда Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат.

Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.