Чүйдө баңги заттарды өндүргөн лаборатория табылды

11:30, 27 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда синитетикалык каражаттарды өндүргөн лабаратория табылып, үч жаран кармалды. Бул туурауу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2023-жылдын июнь айында 2003-жылы туулган Д.Н. жана С.Т. аттуу жарандар кармалып, алардын «Киа Оптима» үлгүсүндөгү унаасынан болжол менен салмагы 11 килограмм 750 граммды түзгөн «мефедрон» психотроптук заты табылган. Алар аны белгисиз адамга сатууну көздөшкөн.

Кармалгандар аталган заттарды үйүндөгү лабораторияда өндүрүшкөндүгү белгилүү болду. Тинтүү учурунда 100 грамм баңгизаты жана аны өндүрүү үчүн колдонулган түрдүү каражаттар менен 2 тоннадан ашык прекурсор табылаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө лабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган жаран экендиги аныкталды. Ал өндүрүш процессин башкарып, чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бир жумада 40 киллограммга чейин баңги каражатын өндүрүп тургандыгын мойнуна алган.

"Баңгилабораторияны каржыло криптовалюталар аркылуу ишке ашык келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан«,-дейт маалыматта.


Ошондой эле, алар аз өлөмдөгү баңгизаттарды жашыруун жерлерге бекитишкендиги ачыкка чыгып, «экстази» психотроптук каржаты катылган 10 жер табылган.
Кармалган жарандардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду түзүшү мүмкүн