Кыргызстанда сурамжылоого катышкандардын 17 пайызы туруктуу армияга оң баа беришкен, ал эми саясый партияларга — 5 пайызы гана. Бул маалыматтар Эл аралык республикалык институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.
Сурамжылоо 2023-жылы 5-майынан 25-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору 1 миң 492 кыргызстандык катышкан.
Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, катышуучулардын 9 пайызы жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдогу ролун оң баалашкан, парламент жана милицияны −8 пайызы, коммерциялык эмес уюмдарды — 6 пайызы, ЕККУну −5 пайызы, ЕЭБ жана БУУнун ишин −8 жана 9 пайызы.
Ошодой эле, жарандардан президент Садыр Жапаровдун саясатын кандай баалай тургандыктары да суралган. Алардын 64 пайызы жакшы деген бааны берген. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 33 пайыздык колдоо менен экинчи орунга жайгашты.
Суралгандардын 31 пайызы гана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу оң пикир билдиришсе, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду 11 пайыздык колдоо тапкан.