Анда мындай жарлыккка кол койгон себебин Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгы менен негиздеди жана «сарсанаа болууга» негиз жоктугун айтты.
«Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын, министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Маселен, энергетика министри өзүнүн компетенциясына кирген суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат. Маселелердин ыкчам чечилишин камсыздоо үчүн ыйгарым укук берилип жатат. Болбосо өзүнүн министрлигинен башка органдарга түз чыга албай, энергетика жаатындагы маселелердин чечилиши бир топ аксап, кечеңдеп калууда. Айрым маселелер мекемелер арасында жарым жылдап чечилбей калып турган учурлар бар экен. Тилекке каршы, биздин ачык-айрым коомубузда «бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса, жыдыса экен» деп, жалаң эле жамандык издеген, өлкөдө ушундай бир каатчылык түзүлсө экен деп күткөн бир ууч топ бар. Бирок биздин сабаттуу элибиз өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатат», — деген Жапаров.
Президент быйыл өлкөдө суу аздыгына токтолуп, бул Кыргызстанга эле эмес, жалпы аймактагы көрүнүш экенин белгиледи. Кышында электр энергиясына байланыштуу көйгөй жаралбайт деп ишендиргенге аракет кылды.
Садыр Жапаров 24-июлда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алдында, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев өкмөттүн жыйынында мынжай режим киргизүүнү сунуштаган.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Эң ири «Токтогул» суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп айтылууда.