Өтмөк ашуусундагы жолду оңдоо иштери эки жумада бүтүшү мүмкүн

17:54, 25 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Өтмөк ашуусундагы Талас-Тараз- Суусамыр жолун асфальттоону эки жума ичинде бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ал жерде «Кыргызавтожол» жол-эксплуатациялык мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

Тилек Текебаев асфальт төшөө иштери 23-июлда башталганын айтты.

«Жолду асфальттоо бир айга пландалган. Бирок, аба ырайы жакшы болуп, каржылоо токтотулбаса, жумуштар эки жуманын ичинде бүтөт», — деп жазды ал.