Улуттук кардиология жана терапия борборунда лифттер алмаштырылат

16:15, 25 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Улуттук кардиология жана терапия борборундагы лифттер алмаштырылат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан төрт лифт алмаштырылат.

Саламаттык сактоо министрлиги буга 15 миллион сом коротууну пландап жатат.  Анын ичинде жабдуу жана лифтти алмаштыруу боюнча баардык жумуш акысы бар.

Жумуш келишим түзүлгөндөн баштап 120 күндүн ичинде бүтүшү керектиги белгиленди.