Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги мигранттар үчүн тиркеме иштеп чыкты

14:32, 25 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мигранттар үчүн тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун бөлүм башчысы Арслан Байсопуев билдирди.

Анын айтымында, тиркеме азыр ишке киргизүү этабында. Ал 2021-жылы migrant.kg сайты ишке киргенин эскертти.

«Тиркемеде ар бир адам жумуш агентстволорунун ишмердигинин мыйзамдуулугун текшере алат. Жумушка орношуу тууралуу маалыматтар, бара турган өлкөсүндөгү мыйзамдар менен тааанышып, элчиликтердин, консульстволордун байланыш номерлерин жана башка пайдалуу маалыматтарды таба алышат», — дейт ал.

Байсопуев борбордун 1899 номериндеги ишеним телефону бар экендигин жана ал жактан консультация алууга болорун кошумчалады.