Чолпон-Ата шаарында скутер сүзүп кеткен экөө көз жумду

14:00, 25 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарында скутердеги адам үч жаранды сүзүп кетти. Алардын экөөсү ооруканада көз жумду. Маалыматты 24.kg сайтына Жалпы дарыгердик практика борборунун жетекчиси Алмира Алдашева ырастады. 

Окуя кечээ, 25-июлда катталган.

Маалыматта айтылгандай, жаракат алгандар үчөө: эки кыз жана бир жигит. Экөөсү оор жаракаттан улам каза болушту.

Ал эми кыздардын бирөөсү азыркы учурда хирургия бөлүмүндө. Абалы туруктуу.