Жаңы «Акүйдүн» курулушуна байланыштуу эки конуш суусуз калууда

15:33, 21 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Жаңы «Акүйдүн» курулушуна байланыштуу эки жаңы конушта эки айдан бери суу жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Киргизия-1» районунун тургуну Елена Просолова билдирди.

Анын айтымында, президенттик администрациянын имараты курулуп жаткан жерден арык өтөт. Ал аркылуу «Киргизия-1», «Киргизия-2» конуштары чарбагын суугарып турушчу.

«Эки айдан бери суу жок. Баары кургап жатат. Чарбакта өскөндөрдү сатып жан баккан кары-кемпирлер бар. Алар  кантет?», — дейт ал.