Кыргызстанда коргоону жаатына акыркы 2 жылда 120 миллиард сом бөлүндү

12:31, 21 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда коргоону жаатына акыркы 2 жылда 120 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин жыйында маалымдады. 

Анын айтымында, 2005-2020-жылдары аскер тармагына жылына 3,5 миллиард сом бөлүнүп турган. 

2022-жылы 53 миллиард, 2023-жылдын жарым жылында 40 миллиард бөлүндү. 

Камчыбек Ташиев Кыргызстан айрым өлкөлөр ала албаган алдынкы аскер техникаларын сатып алганын айтты. Ал мунун баары салык төлөөчүлөрдүн эсебинен ишке ашып жатканын белгиледи.