10:44, 21 июля 2023, Бишкек - 24.kg
Ош-Раззаков жолунун Ноокат районундагы бөлүгү 1-сентябрга чейин бүтпөсө транспорт жана коммуникация министри Тилеке Текебаев кызматтан кетет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал министрге Ноокаттын жолун бүтүрүү убадасын бергенин эскертти.
«31-августта бүтпөсө, 1-сентябрь күнү арыз жазасыз», — деди Камчыбек Ташиев.
Белгилей кетсек, Ноокат жолунун курулушун Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен колго алган.