Ош облусунда 30 мектиптин курулушу аяктайт

09:50, 21 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунда 30 мектеп бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада ал ар бир мектептин курулушу менен таанышып чыкты.

«Азыркы учурда куруу иштери жигердүү уланууда», — деди чиновник.