USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кытай элчилиги 10 бала бакчанын ачылышына көмөктөшөт

13:53, 19 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Кытай элчилиги 10 бала бакчаны ачылышына жардам берет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин коллегиялык жыйынында билдирди.

Министрдин маалыматында, дагы 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылат.

«Алдыдагы бир айда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында дагы 25 үй тибиндеги бала бакча ачылат. Анын ичинен 10 бала бакчаны ачууга Кытай элчилиги жардамдашса, 15 бала бакча жергиликтүү бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылмакчы», — деди министр.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика