Ала-Арча дарыясына суунун келиши көбөйдү

13:56, 18 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Ала-Арча дарыясына суунун келиши көбөйдү. Плотинага секундасына 8 кубометр суу агып келүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук суу чарбасынын «Туш» аймагынын жетекчиси Үсөн Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Сокулук, Аламидин райондоруна суу кеңири берилип жатат.

«12-июлда 4 кубометр болчу. Бирок күндүн ысыктыгынан мөңгүлөр эрип, суу көбөйдү. Суу агымы аба ырайына байланыштуу», — дейт Үсөн Өмүралиев.