Президент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамга кол койду

11:15, 18 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Президент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамга кол койду. Мыйзамды 2023-жылдын 31-майында Жогорку Кеңеш кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматта иштөө үчүн кыргыз тилин билүү зарыл.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорго карата сын-пикирлер айтылып, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова дагы тынчсыздануусун билдирген.