10:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров: Жаңы өкмөт үйүн жана «Асманды» курууга Дубайдан 800 киши келди

Бишкек шаарында жаңы акүйдүн курулушу кечеңдөөдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы техникаларды тапшырып жатып билдирди.

Ал жаңы имаратты курууга тартылган курулушчуларды сынга алды. Анын айтымында, жергиликтүү курулушчулар жай иштешет.

«Жаңы өкмөт үйүн сентябрга чейин бүтүрөбүз деген план бар эле. Анткени октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт. Ага 12 өлкөнүн президенти келет, биз аларды жаңы өкмөт үйүндө тособуз деп пландаштырып жатабыз. Ал жерде 400дөн ашык кыргыз жигиттерибиз иштеп жаткан. Аман эле бололу, бир күндө сегиз саат иштеш керек болсо анын беш эле саатын иштейт. Ишемби күнгө чейин иштеш керек болсо дем алыш күндөрү, кээде биринчи күнү дагы келбей коюшат. Иштегенде бир саат түштөнөт, бир саат телефонун чукуйт. Бир күндө бүтүрчү ишти бир жумада дагы бүтүрө албай жатабыз», — деди президент.

Садыр Жапаров курулуш иштерин тездетүүгө Дубайдан 800дөй курулушчу учуп келгенин маалымдады.

«Сентябрга чейин бүтүргөнгө жардам берип, андан кийин «Асман» шаарын курууга кеткиле деп алып калдык», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, жаңы акүй мурдакы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар