Ысык-Көлдө эс алуу баардык кыргызстандыктардын чөнтөгүнө ылайыктуу болушу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Happy Yurta Fest-2023 фестивалында билдирди.
Аткаминер көлдөгү эс алуучу жайлардын баасын кымбат экенин белгиледи.
«Ким 200 долларга Ысык-Көлдө эс ала алат? Бул боюнча бирдеме кылышыбыз керек. Кымбат беш жылдыздуу отелдер жана кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн чөнтөгүнө ылайыктуу жайлар дагы болушу шарт», — дейт ал.
Эдил Байсалов көлдө жаштарга ылайыктуу кэмпинг жана жөө туризмди өнүктүрүүнү сунуштайт.