Орусиядан 7 миңге жакын мигрант депортацияланды

09:20, 14 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоого багытталган «Нелегал-2023» операциясынын биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

Анын айтымында, «Нелегал-2023түн» алкагында өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 7 миңге жакын мигрант кармалып, мекенине депортацияланды. Мындан тышкары бир нече миң адамга каршы кылмыш иштери козголду.

«Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу», — деди Ирина Волк.

Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген.