Анын айтымында, «Нелегал-2023түн» алкагында өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 7 миңге жакын мигрант кармалып, мекенине депортацияланды. Мындан тышкары бир нече миң адамга каршы кылмыш иштери козголду.
«Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу», — деди Ирина Волк.
Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген.