«Самат Садыков» тасмасы «Ак илбирс» киносыйлыгын алды

12:15, 13 июля 2023, Бишкек - 24.kg

«Самат Садыков» тасмасы 2022-жылдын «Мыкты документалдуу фильми» деп табылып, «Ак илбирс» киносыйлыгы ыйгарылды.

Тасманын режиссеру — Алим Токторов.

Анда Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Самат Садыковдун өмүр баяны баяндалат.

Самат Садыков Баткен облусунун Лейлек районунунда туулган.